Орусияда 300дөн ашуун Кыргыз жарандары хостелдерге жайгаштырылган

Бүгүнкү күндө Орусиянын Москва шаарында, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жана Новосибирскте Кыргыз жарандары бар. Алар аба каттамдары жылдырылып, токтотулганынан улам өлкөгө кайта албай калгандар. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чет өлкөдөгү жарандардын маселесин чечүү боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Москва шаарындагы эки хостелге 94 Кыргыз жараны жайгаштырылган.

"Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы 100 жаранга азык-түлүк, медициналык бет каптар жана башка зарыл товарлар түрүндө 161 миң сом суммасындагы көмөк көрсөтүлгөн. Новосибирсктеги 143 жаран 20-апрелге чейин хостелдерде болушат, бул жардам эл аралык миграция уюму тарабынан көрсөтүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандарыбыздын маселесин чечүү боюнча ишти үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүүдө", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KAYRATBEK
2020-04-15 16:14:44
Урматуу 2жыл Россияда унчукпай иштеп 2 ай чыдабай уйумо кетем эле кетем деп когоруп граница аэропорттордо тургандар. Силердин Кыргызстанга кылган жардамынар аркага кайтып 2 ай сабыр кылып иштеп турганынар. Мамлекеттин башына оор кун келип турганда ашка жук башка жук болбой аркага кайтып чыдап тургула. Акылдуу эле мекендештерсинер. Бул кылганынарды уят эми.
+5
Ananaska
2020-04-15 18:02:14
KAYRATBEK,бля байкеси ошол кетем эле кетем деп аткандар, иштегенге иши жок, жегенге тамак-ашы жоктор. Кайдагы ишти айтасынар? Копчулук ансыз деле неофиц. иштеп аткандар, производство жабык.
-2
Ananaska
2020-04-15 18:05:16
KAYRATBEK, унчукпай 2 жыл иштеп жургондордо ошол кезде туруктуу жашаган жери, айлык акысы болгон. Азырчы?? Балээда жок. Ботон жерде ачка жаткыча уйундо жатканы он эмесби?
Дагы бир нерсе ал жерде студенттер да бар, сессиясын эртээрек жабып, уйго кетсем деп пландап койгондор. Аэропорттогу эл бугун-эртен граница жабылат дегенде жабалаетап бара калбаса керек, алдын-ала билет алынган, пландалган жазга уйго кайталы дегендер да бар.
Диванный комментарий жазгычакты акыл калчар анан жазгылачы
-1
Arstan18.18
2020-04-15 23:34:03
Жок жок дейсинер! Эч жерде мигрант аэропорттон туноп аткан жок! Уйумо барам дегендер эсалууга чыккандар! Калган башка олконун жарандары кайсы около мигрант болуп барса ошо жерде отуруп калды! Силерчи кыргыздар когоруп олдунорго! Ооруу жуксачы?! Иш жок акча жок деле тырышып жатчуленерго 3,4 айлап ошондойле ооруунуу кобойтбой чыдап сабыр кылсанар болбойбу?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан