Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Чаткал районунда абал курч" (видео, хронология)

Бүгүн, 7-май күнү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг берүүдө.

2020-05-07 10:27:00

"Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 13 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Ал жакка бир адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Бишкектен вирус менен барган адам катышып, башкаларга жуктурган. Ал жакта абал курч. Бирок коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондордун баары аныкталып, текшерилип жатат", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-07 10:25:00

"Ат-Башы районунун 3 аймагында коронавирус очогу болуп жатат. Вирус менен ооругандар жаңы катталган жок. Бирок күч органдарынын оору жуктуруусу ойлондуруп жатат", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-07 10:23:00

Бишкектеги №14 эмканадагы оору жуктургандар боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгы айтылды. 

2020-05-07 10:21:00

Коронавирус менен ооруган медицина кызматкерлеринин 70 пайызы айыгып, жумушка чыгышканы айтылды.

2020-05-07 10:20:00

Ош шаарындагы онкологиялык-гематология борборунда дарыланып жаткандарда дарылар жетишсиздиги дагы деле катталууда. Бул маселе боюнча Үсөнбаев бюджеттен Оштун онкологиялык борборуна дары-дармек алуу үчүн 60 миллион сом бөлүнгөнүн, ошого карабай чек ара жабылгандыктан айрым дарылар жетишсиз болуп жатканын айтты. "Бул маселени чечүү үчүн аракеттер жүргүзүлүүдө" дейт. 

2020-05-07 10:16:00

Эне жана балдарды коргоо борборундагы бейтаптарда коронавирус кандайча аныкталып калды? Бул боюнча: "Ооруканада 17-апрелден 24-апрелге чейин бала жана анын жанында жаткан апасы дарыланып чыгышкан. Алар Тогуз-Торо районуна барышканда коронавируска тест тапшырганда вирус бар болуп чыккан. Ага байланыштуу ооруканадагы бардык медицина кызматкерлери текшерилип, жалпы 7 адамдан вирус аныкталды. Учурда дарылоо иштери жүргүзүлүүдө", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-07 10:15:00

"Акыркы суткаларда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Алар кайсы категориядагылар?" деген суроо узатылды.

Бул боюнча министрдин орун басары: "Кызмат абалына жараша медицина кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, байланышта болгондордон аныкталып жатат", - деп билдирди.

2020-05-07 10:07:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек шаары – 1;
Чүй облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлер арасында 224 адам катталды. Алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-07 10:05:00

7-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 24 адам жуктурганы аныкталды:
Бишкек шаары – 2;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 12.

Республика боюнча: 895

2020-05-07 10:02:00

Бир суткада өлкөдө 23 адам ооруканадан айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын саны 637ге жетти.

 Бишкек шаары – 15;
 Ош шаары – 8.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asefsa
2020-05-07 11:40:27
Карантинде батага барбай эле турбаптырда
0
nurzada78
2020-05-08 02:29:58
Айланайын кудай сактай кор,бул аты жаман оорудан.Эсен-аман болуп,тезирээк эле отуп кетсин,айланайын кудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан