Коронавирустан 13-бейтап каза болду. Ал 84 жаштагы Нарын облусунун тургуну болгон

Өлкөдө коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптардын бири каза болду. Муну менен аталган илдеттен каза болгондордун жалпы саны 13кө жетти. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

"Каза болгон жаран Нарын облустук ооруканасында каза болду. Ал 84 жашта болгон. Ага пневмония, дем алуунун III даражадагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду. Маркумдун сөөгү санитардык талаптарды аткаруу менен жерге берилди", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulya78
2020-05-15 11:49:18
Эми 84 жашта коронавирус болбосо деле...
+1
Baktyluumun98
2020-05-15 12:02:34
Оз ажалы келсе деле, коронавирус деп 80,90,100 жаштагыларды урдуруп атышат.
+1
white_angel
2020-05-15 12:10:29
Ар ким оз башына келмейинче аны- буну суйлоп кыйын боло берет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан