Түштүк Кореяда дагы 334 жаңы учур катталган. Муну менен жалпы ал жакта вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 595ке жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазууда.
Анда жазылгандай, жаңы катталган 334 адамдын ичинен 307си Тэгу шаарында калгандары башка аймактарда катталган. Мындан сырткары коркунучтуу делинген вирустан 12 адам каза болсо, 24 адам сакайган. Өлкөдө вирустан жабыр тарткандардын 80 пайызы Кёнсан-Пукто жана Тэгу шаарында катталган.