99 жаштагы Англиянын ардагери үйүнүн короосунда айланып, медицина кызматкерлерине 6 миллион фунт стерлинг (600 миллион сомго чукул) чогултту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
6-апрель күнү Том Мур аттуу 99 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери кайрымдуулуктун жаңы түрүн баштаган. 30-апрель 100 жылдыгына чейин үйүн 100 ирет айланууну пландап, ал эми аны колдоону каалагандар NHS Charities Together кайрымдуулук уюму аркылуу медицина кызматкерлерине акча которсо болорун айткан. Том Мур жок дегенде 1000 фунт стерлинг түшсө, медицина кызматкерлерине жакшы жардам болмок деп ойлогон. Жыйынтыгында 15-апрель күнү эле эсепке 6 миллиондон ашуун фунт стерлинг чогулган. Биринчи суткада анын идеясы тууралуу англиялык ММКлар маалымат чыгарышканда, 70 миң фунт стерлинг которулганы айтылат.
Ардагер айдын жарымында эле короону 100гө жакын айланып койгонун билдирген. Бирок туулган күнүнө чейин токтотпой, айланганын уланта берерин айткан. "Буга ишенүү кыйын. Бирок менин эмгегим текке кетпей эр жүрөк дарыгер, медайымдарга жумшаларын ойлосом кубанам. Менимче, алар буга татыктуу. Биз аларга дагы каражат чогулта беребиз", - деген Том Мур.