Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 831 адамдан коронавирус аныкталып, 169 бейтап каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 831 адамдан аныкталды. 169 адам каза болсо, 8 миң 666 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 1 миң 998 (жалпы 189 миң 214);

Москва облусунда - 767 (жалпы 41 миң 958);

Санкт-Петербург шаарында - 375 (жалпы 17 миң 444);

Нижегород облусунда - 319 адам (жалпы 11 миң 169) жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 441 миң 108 адамдан инфекция аныкталды. Анын ичинен 5 миң 384 адам каза болсо, 204 миң 623 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан