Нарындан Пакистанга дааватка барып, коронавируска каршы дарылануудан баш тартып, кылмыш иши козголгон жаран боюнча комендант Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйында төмөнкүлөрдү билдирди.
"Бул жаран Пакистандан 15-март күнү Бишкек шаарына келген. Ал шаарда 4 күн жүрүп, 19-март күнү Нарын шаарына такси кызматы менен келген. Аны менен келген 4 адам дагы коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда Нарын ОИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", - деди ал.