Каттоосу Нарында, бирок башка жакта жүргөн жарандар Нарын шаарына 30-апрелге чейин кире алышпайт

Бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев аталган аймактагы кырдаал боюнча онлайн маалымат жыйын берди.

"Катталган жери Нарында, бирок өздөрү башка аймактарда жүргөн жарандар учурдагы кырдаалга байланыштуу шаарга 30-апрелге чейин кире алышпайт. Бул чектөөлөр элдин саламаттыгы үчүн болуп жаткандыгын түшүндүрүп жатабыз", - деп билдирди комендант.

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонуна байланыштуу аталган аймактарга Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев комендант болуп дайындалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-04-16 16:58:53
Отом деген Адам талаа аралап деле ото берет блок посттон анализ алып текшерип откорсо жакшы болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан