Ош шаарынын төрөт үйүндө иштеген 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Маалым болгондой, 13-майда Ош шаардык төрөт стационарында COVID-19 инфекциясы катталган. Ошого байланыштуу төрөткана карантинге жабылган. Ошол жакта иштеген 282 кызматкерден ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгында 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Учурда вирус аныкталгандар дагы, анализи таза чыккандары дагы көзөмөлдө", - деди Саибжан Турдуев.