"Тажатып келген текшерүүлөр коронавирустан да түйшөлттү" дейт Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев

Социалдык тармактардын колдонуучусу Елена Баялинова Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен болгон маегин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Аталган маекте өзгөчө абалда иштеп жаткан дарыгерлерге кандай шарттар түзүлгөн, алардын айлык акылары жана күнүмдүк турмушу тууралуу сөз болгон.

Башкы дарыгердин айтымында, ооруканада иш алып барып жаткан ар бир кызматкерге бирдей шарттар түзүлгөн.

"Биздин ооруканада таза жана кир аймак деп бөлөбүз. Анда бейтаптар менен иштеген кызматкерлер атайын бөлмөгө кирип, бардык талаптарга жоп берген атайын коргоочу кийимдерди кийишет. Күнүнө бизде 100дөн ашуун атайын коргоочу кийимдер сарпталат. Жөнөкөй бет кап менен эч ким жүрбөйт. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн гуманитардык жардамдан бизге 500 коргоочу кийимдер берилген. Алар 3 эле күнгө жетти. Министрликке кайрылып, кайрадан коргоочу кийимдерди алдык", - деп билдирген Аалиев.

Башкы дарыгердин айтымында, ар бир бөлүмдө 4 бригада нөөмөт кылат. Бул жакта иштеген медициналык кызматкерлер кырдаалга байланыштуу ооруканада жашашат.

"Азыркы тапта ооруканада 200 кызматкер жатып иштешет. Ал эми кызматкерлердин бир бөлүгү кесиптештерге жардам берүү үчүн облустарга бөлүнүп кетишти. Аймактардагы кесиптештерге айрым учурда онлайн кеп-кеңештерди берип жатабыз. Күндө саат 8де чогулуп кесиптештер менен сүйлөшүп маселелерди талкуулайбыз. Арызданган кызматкерлер деле жок, бардыгы бул кыйын учурда бири-бирин колдоп, жардам берип жатышат.

Мен дагы башка кызматкерлердей эле бул жакта жашап, иштеп атам. Дайыма эмгек жамааты менен бирге болуп, аларга дем-күч берип жатабыз. Бул жактагы кызматкерлерге жакындары, үй-бүлөлөрү дагы жөлөк болуп туулган күндөрдө белектерин, гүлдөрүн берип жиберишүүдө", - дейт дарыгер.

16-апрелге карата аталган ооруканага жалпы 112 адам жаткырылган, алардын 96сы коронавирус илдети менен жабыркагандар. Алардын ичинде 39 медицина кызматкерлери бар, көбү эпидемиологдор.

"Өзгөчө кырдаалда иштеп жаткан учурда жумуштан алагды кылып келген текшерүүлөр тажатты. Бул текшерүүлөр бизди коронавирустан дагы жаман түйшөлтүп жатат. Мындай текшерүүлөрдөн кийин менин кызматкерлерим көзүн жашылдантып, жумуштан кетүү тууралуу арызын жазып келишет. Дагы бир маселе бардык кызматкерлер айлык акыларын алыша элек. Дарыгерлер гана айлык алышты ал эми медайымдар менен санитаркалар ала элек. Тиешелүү жактар аларга да бүгүн-эртең которобуз деп жатышат.

Бүгүн бизде абалы оор 4 бейтап бар, алардын ичинде 1 эпидемиолог. Биз алардын өмүрүн сактап калыш үчүн бүт аракеттерди көрүп жатабыз. Буга чейин 53 жаштагы бейтапты өтө оор абалдан чыгардык. Консилиумдун жыйынтыгы бейтаптын абалы жакшырып баратканын аныктады. Сөз беребиз! Биз чыдайбыз жана сиздерди уятка калтырбайбыз", - деген сөздөрү менен башкы дарыгер өз сөзүн жыйынтыктаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Store
2020-04-16 18:31:31
Кайдагы сыясий оюндун музыкасына бийлеп жүрөсүңөрда байкуштар.
-11
umarbey
2020-04-16 20:06:45
Toobo desen, senda Madumarovdun partiyasinan okshoysun. Je Madumarovsunbu?
+2
Aikaaaa
2020-04-16 23:09:47
Келгендерге оору жуктуруп туруп кетирип ийгиле да, экинчи келгис болушат
+4
molorbaev
2020-04-17 11:10:15
Ушундай кырдаалда текшеруучулорго ХХХХ бар бекен?
+4
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-17 13:42:36
Пошлите ХХХХ всех балконных проверок! Силерлин сөзүңөр азыр баарынан күчтүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан