Өкмөт өлкө аймактарында 17-апрелге карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча 23 миң 177 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 миллион 812 миң 584 сомду түздү. Мындан тышкары матрезерв фонду тарабынан 6000 үй-бүлөгө 300 тонна ун таркатылган. Ошону менен катар эле шаардын четиндеги конуштарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлдү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө да берилди.
Ал эми Ош шаары боюнча 11 миң 667 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 107 миң сомду түздү. Облус боюнча 62 миң 87 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 миң 146 сомду түздү. Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр менен биргеликте 23 миң 681 үй-бүлөгө жардам берилди. Финансылык жардамдардын жалпы суммасы 348 миң 500 сом. Жалал-Абад облусу боюнча 55 миң 807 үй-бүлөгө жардам берилип, финансылык жардамдын жалпы суммасы 564 миң 751 сомду түздү.
Баткен облусундагы 10 миң 649 үй-бүлөгө жардам берилди. Финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 миллион 216 миң сомду түздү. Ысык-Көл облусунда 17 миң 209 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Нарын облусу боюнча 9 миң 959 муктаж үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү. Талас облусунда дагы 3 миң 188 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.