Баткен облусунда күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды

Бүгүн, 28-августта Баткен облусунда күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Баткен облусунда коронавирус илдети менен ооруган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү максатында, күндүзгү стационар үчүн 133 имаратта, 1 миң 613 орун даярдалган.

"Бүгүн күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Анткени акыркы бир апта ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан