Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери өздөрүнө ПЦР-анализ жүргүзүүнү суранып жатышканы маалымдалды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова кечээ Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен болгон маегин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда Аалиев "Тажатып келген текшерүүлөр коронавирустан да түйшөлттү" деп билдирген.

Баялинова бүгүн анын жеке кат куржунуна үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызматкерлеринен билдирүүлөр келип жатканын жазды.

"Бишкектеги №2, №9, №10, №12, №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медицина кызматкерлери кайрылууда. Алар COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган эпидемиологдор менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча чогуу иштешкен. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинен тез аранын ичинде өздөрүнүн кызматкерлерине ПЦР-анализ жүргүзүүнү суранышат. Анын негизинде муктаждык болсо анда жогоруда аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жабуу керектигин, ал мекемелерге дезинфекция жүргүзүү зарылдыгын билдиришүүдө. Андагы дарыгерлер негизинен аялдар, үйлөрүнө баруудан чочулап жатышат, үй-бүлөсүн коргоо үчүн обочолонууга кетүүгө даяр", - деп билдирет Баялинова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан