Тажикстандын Душанбе шаарында прокуратуранын 38 жаштагы кызматкери пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.
Маалыматта Жалолиддин Пиров аттуу жаран ооруканага 13-апрелде түшкөнү, ага сасык тумоонун А(H1N1) түрү жана эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлганы айтылат.
"Пировдун абалы 16-апрелде кескин начарлаган, жаш жана саламаттыгы чың деп эсептелген Жалолиддин Пировдун күтүүсүз өлүмү анын жакындары үчүн катуу сокку болгон. Туугандарынын айтуусунда, ал 19-апрель күнү көз жумган. Бирок жакындары аны жерге бере алган эмес. 19-апрель күнү эртең менен "Тез жардам" кызматынын атайын коргоочу кийимдерди кийген кызматкерлери Пировдун үйүнө келип, маркум жаткан табытты ачтырбай туруп сөөктү көмүүгө алып кетишкен.
Маркумдун кесиптеши, анын ооруканага жатардан бир апта мурун эле ооруп баштаганын айткан. Ал эми дагы бир булактын берген маалыматына ылайык, Жалолиддин Пиров жакында эле чет жактан келгенин, бирок укук коргоо органдарындагы байланыштарын колдонуп, 14 күндүк карантинге жатпаганын айткан. Учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынды. Ал эми өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын билдирген", - деп жазылат маалыматта.