17-апрель күнү коронавирус жуктурду деп катталган №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери тууралуу. "Медицина кызматкерлери үйүндөгүлөргө жугузуп албайын деп үйлөрүнө бара алышкан жок. Аларга ПЦР-тест жасалабы? Эмнеге Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги барып кабар алган жок?" - деген суроо узатылды.
"Медицина кызматкерлери бизде коюлган обсервацияга жаткысы келген жок. Алар бизге жакшы шарт керек дешти. Андыктан мейманканага жайгаштыруу үчүн каражат жагын чечүүгө көп убакыт кетип калды. Маселе чечилген. Кечээ кечинде биз барып кабар алдык. Алар жайгашышты. Бардык адистер текшерилет, эпидемиологиялык изилдөө болот", - деди Үсөнбаев.
"116 медицина кызматкерлеринин арасынан айыгып чыккандары барбы?" деген суроого "Жеңил формада өткөндөр толук дарылоодон өткөн соң ишке киришип жатышат" дейт орун басар.
Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берүүдө. "Коронавирустун белгиси жок болсо, коркунучтуубу?" деген суроого "Адамдын өзүнүн иммунитети күчтүү болсо, өзүнө коркунуч жаратпашы мүмкүн. Бирок ал вирус алып жүрүүчү болуп, башкаларга жугузуу коркунучу бар", - дейт Үсөнбаев.
Учурда обсервацияда 1 миң 705 адам жатат.
"Коронавирус менен жаңы ооругандар байланышта болгондордон чыгууда" дейт Үсөнбаев.
Бүгүнкүгө карата коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери аныкталган жок.
Бүгүн, 18-апрелге карата каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкүгө карата өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 506га жетти. Анын ичинде:
Жалал-Абад облусу – 93;
Ош облусу – 140;
Ош шаары – 74;
Чүй облусунда – 28;
Бишкек шаары – 102;
Баткен облусунда – 5;
Нарын облусу – 56;
Ысык-Көл облусунда – 8.
Катталгандардын ичинен – 270и аял, 236сы эркек.
18-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 адам жуктурганы аныкталды. Алар:
Ош облусу – 5 (Ноокат районунда 4, Кара-Суу районунда 1);
Ош шаары – 1;
Нарын облусу - 11 (Ат-Башы району).
Өлкөдө коронавирус инфекциясынан 16 адам айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 130га жетти.