18-июлга караган түнү саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары, өлкөнүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору Бейшекан Калиева көз жумду. Ал Республикалык инфекциялык ооруканада пневмония илдетинен дарыланып жатканын Елена Баялинова жазып чыкты.
Бейшекан Калиева 1948-жылы 15-январда Токмок шаарында төрөлгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Кийинки үч жылда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельниково айылында аймактык дарыгер болуп иштеген.
1980-1985-жылдары Монголия Республикасынын саламаттыкты сактоонун башкы дарыгери болгон, кайтып келгенден кийин - алгач Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, ал эми 1989-1994-жылдары ушул эле оорукананын башкы дарыгери;
Бир нече жолу Аламүдүн жана Чүй облустук кеңештеринин депутаты болуп шайланган;
1992-жылы ага "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги" наамы, 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери" наамы берилген;
1994-жылы саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
1996-1998-жылдары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору;
Маркум Бейшекан Калиеванын уулу 5 күн мурун каза болгону белгилүү болду.
Калиева Бейшекан Алмалиевна дүйнөсү бай, кесибин сүйгөн, камкор аял жана мээримдүү эне эле. Мыкты кызматкердин каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришип, терең кайгыруу менен көңүл айтышты.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бейшекан Калиеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.