Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ҮМБнын кызматкерлери учурда үй карантинине алынган.
"Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган. Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары коронавирус жок экендигин көрсөттү. Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишкен. Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлдү. 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт", - деп жазылат маалыматта.