"Айдын башында тапшырган анализдин жыйынтыгын айтыша элек" дейт Ала-Бука районунда обсервацияда жаткан дарыгер

Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев маалымат жыйын берди.

Жыйын учурунда эл тарабынан келген суроолор узатылды.

"Мен Ала-Букада обсервацияда жаткан дарыгермин. Райондук оорукананын жетекчисин кызматтан алган туура болду. Бизге эч кандай коргоочу каражаттарды бербей, анын айынан 5 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Кечээ Бишкектен келген комиссия обсервацияда жаткандардын пикирин уккан жок. Ал эми мурунку жетекчи аларды кой союп сыйлаптыр. Биз апрель айында нөөмөт тапшырып, анализ тапшырганбыз. Азыркыга чейин анализдерибиздин жыйынтыгын айтыша элек. Кабар алган да киши жок", - деген арыз түшкөн.

Ал боюнча Боржиев: "Жетекчинин кызматтан кетүүсү боюнча учурда кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат. Ал жакка эл аралык деңгээлдеги күчтүү адистер, инфекционист, эпидемиологдор кеткен. Алардын корутундулары тууралуу бизде маалымат жок. Корутундулар тиешелүү министрликтин көзөмөлүндө. Эгер сиздин далилиңиз бар болсо, ал боюнча мыйзам чегинде иш-чаралар жүргүзүлөт", - деген жообун узатты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
altynka95
2020-04-18 14:48:56
Кой союп комиссиянын оозун жапты да,
+3
Gulinura
2020-04-18 15:03:25
Комиссия,текшерүү келген учурда кой союу адатка айланды.
+2
Nuri1988Elim2010
2020-04-18 15:48:27
Акыйкат жок бизде, качан караба чоңдор келсе кой союп, чөнтөгүн толтуруп жөнөтөт, а ошол обсервацияда жаткандар жөнөкөй айлыкка карап жашаган үй-бүлөлөр.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан