21-майга карата Тажикстанда дагы 210 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, сутка ичинде 3 бейтап вирустун курмандыгы болгон.
Муну менен аталган өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миң 350гө жетти. Көз жумгандар 44. Айыгып, ооруканадан 1008 бейтап чыккан.
Тажикстан Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасында коронавирустан жарандары эң көп каза болгон мамлекет болуп турат. Аталган илдет өлкөдө бар экендиги боюнча расмий маалымат 30-апрелде айтылган.