Депутат Тазабек Икрамов чет мамлекеттердеги мигранттардын өлкөгө кайтып келе албай жатканы боюнча өкмөттөн жакшы жооп болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Негизи өкмөттүн кандай иштеп жатканын көрүп, билип жатабыз. Бүгүнкү күнү чындыгында кыйынчылык болуп жатат. Бирок менин телефонума бардык жактан биздин мигранттардан чалуулар келип жатат. Жолдо, көчөдө калган же болбосо Орусиядан дарыланып, келе албай калгандар кайрылып жатышат. Пакистандан 178 адам чыга албай, шарттары жок жерде жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин жооп болбой жатат", - деди Икрамов.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова: "Бизге дагы мигранттардан кайрылуулар келип жатат. Буга тиешелүү Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү иш алып барып жатат", - дейт.