Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы АКШда акыркы бир сутка ичинде 19 миң 710 адамдан аныкталып, 731 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
АКШда кечээ, 10-майда коронавирус инфекциясы 25 миң 621 адамдан аныкталган жана 1 миң 615 бейтап бул илдеттин айынан каза болгон.
Бул көрсөткүч менен 328 миллион калкы бар АКШда жалпы 1 миллион 329 миң 799 адамдан инфекция аныкталды. 79 миң 528 адам каза болсо, 216 миң 169 бейтап айыгып чыкты.