Казакстандын Алматы шаарына Германиядан келген өспүрүм кыздан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди деп жазышты казак басылмалары.
"Алматы шаарында коронавируска тест тапшыргандардын арасында дагы бир жабырлануучу катталды. Ал Германиядан келген 2008-жылы туулган кыз экени белгилүү болду. Азыркы саатка (21:00гө) алынган маалымат боюнча Алматы шаарында 7, Нур-Султан шаарында 2 жаран коронавирус менен жабыркоодо", - деген ал.
Учурда өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат айтыла элек. Алматыдагы 4 бейтаптын абалы канааттандырарлык, дагы эки бейтаптын абалы орточо деп бааланууда.
Казакстанда жалпысынан 9 жаран коронавирус менен жабыркап жатат.