Роттердам шаарынын жетекчилиги эл аралык "Евровидение-2020" ыр сынагын өткөрүүгө даярдалган залга коронавирус менен ооругандарды жаткырууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим чыгарууга ооруканаларга бейтаптардын батпай калганы себеп болгон. Сынакка арналган жайда жалпысынан 680 орун жайгаштырылат. Бейтаптар дүйшөмбүдөн тарта кабыл алынат.
Май айынын ортосуна белгиленген ыр сынагы коронавирус пандемиясына байланыштуу 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй калды.
Бирок кийин уюштуруучулар сынак 2020-жылдын 16-майында башка форматта өтөрүн билдирген.