Өзгөчө абал алынып, башка облустарда эпидемиологиялык абал турукташа баштаганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат.
Бүгүн, 22-майга карата Нарын шаарында коронавирус инфекциясы 9 адамдан аныкталды.
Муну менен Нарын шаары боюнча илдетти жугузуп алгандардын саны 119га жетти. Алардын ичинен 19у айыгып чыккан.
Аймакта илдет көбөйүп жатканы менен элдин иши жоктой. Анткени тургундар беймарал өз иши менен алек. Соода кылып жаткан адамдардын ортосунда социалдык аралык сакталган эмес. Айрымдарында бет кап жок.
Шаар ичинде жүргөн таксилердин абалы "мышык ыйларлык", дезинфекцияны бери кой, көп убакыттан бери тазаланбаганы байкалат. Ар бир унаага 3төн көп эмес киши салуу керек деген эреже тууралуу шаардын такси айдоочулары укпагандай.
Коркунучтуу илдет ар бир жарандын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан учурда ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуусу шарт. Биздин ден соолук шаар бийлигине же өкмөткө эмес өзүбүзгө керек. Андыктан ар бир жаранды социалдык аралыкты сактап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди унутпоого чакырам.