Коронавирус жуктуруп алганынан улам комада жатып көз жарган келин ооруканадан чыгарылды

Коронавирус илдетинен жабыркап комада жатып төрөгөн келин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Американын Ванкувер шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Сориано коронавирус жуктуруп алган. Анын абалы оор жана ал кош бойлуу болгондуктан, аны дарыгерлер жасалма дем алдыруу аппаратына кошушкан. Көп өтпөй кош бойлуу келин толготуп, дарыгерлер операциялык жол менен (кесарево сечение) төрөтүшкөн.
Жаңы төрөлгөн ымыркайга Уолтер ысымы ыйгарылган, ал апасы дарыланып чыккыча дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Андан алынган анализдер коронавирус инфекциясын жуктуруп албагандыгын аныктаган.
Сориано дарыланган оорукананын дарыгери билдиргендей, анын мисалы коронавирусту жуктуруп алган адамдарга илдеттен айыгып чыгуу, керек болсо комада жатып төрөө да мүмкүн экендигин далилдейт.
Комада жатып төрөгөн аял
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан