Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайдын Ухан шаарында жапайы жаныбарлардын этин жегенге, аларга аңчылык кылууга жана этин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бардык жер үстүндөгү жапайы жаныбарларга, анын ичинде корголуучу түрлөрдүн мамлекеттик тизмесине кирген жана экономикалык же илимий мааниге ээ жаныбарларга, ошондой эле адамдардын колунда өскөн жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга жана алардын этин жегенге тыюу салынды.
Жаныбарлардын баалуу түрлөрүн колго өстүргөндөр атайын бийликтен уруксат алышы керек. Ал эми мурда берилген бардык лицензиялар жокко чыгарылат. Бул жаңы эрежени Ухан бийлиги беш жылга чейинки мөөнөткө киргизди.