"Мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча чечимди сентябрь айынын аягында айтабыз" дейт өкмөт башчы

Бала бакчалардын жана мектептердин салттуу режимде иштөөсү боюнча маселе каралууда. Бул боюнча акыркы сөз сентябрь айынын соңунда айтылат дейт премьер-министр Кубатбек Боронов. Бул тууралуу өкмөт башчы онлайн брифинг учурунда кабарлады.

"Республикалык штабда бала бакчаларды санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жабылган, азыркы учурда менчик бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун макулдугу менен иштеп жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо, шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат”, - деп билдирди Боронов.

Анын айтымында, ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарын дезинфекциялоо иштери башталды.

“Ал эми мектептердин салттуу режимде иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтабыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатышат”, - деп кошумчалады ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-09-15 16:50:26
Блин тезирээк ачкылачы тоок мээлер десе, силердин айынардан окуучулар безграмотный болуп калышат тварлар десе, ачкылча акмактар, тойду и базарларды ачкандай кылып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан