Кара-Балтада Жайыл прокуратурасында иштеген кызматкерден коронавирус аныкталып, ал Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылганы айтылды. Бул боюнча Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевге байланышканыбызда, маалыматты ырастады.
"Бейтап 19-апрелде ооруканага келип түшкөн. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди ал.
Ал эми бейтаптын жакындарынан ооруканага кайрылгандар жок экенин кошумчалады.