Кытайдын Ухан провинциясындагы госпиталдардын биринин жетекчиси коронавирусту жуктуруп алып, каза болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, аталган провинциядагы "Учан" медициналык жайынын директору Чжимин Лю 17-февралда көз жумду. Ал коронавирусту жуктуруп алган.
7-февралга караган түнү алгачкылардан болуп коронавирус тууралуу маалымат тараткан дарыгер Ли Вэньлян каза болгону маалымдалган. Ал Уханда пайда болгон коронавирустун кооптуу экендигин жана бул вирус жарандарда каттала баштагандыгын алгачкылардан болуп айтып чыккан 8 дарыгердин бири болгон.