Ысык-Көл облусу боюнча окуучулар жашаган 496 үй-бүлөгө сыналгы берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, өлкөдө дистанциялык окутуу процесси башталганда, Ысык-Көл облусу боюнча атайын мониторинг жүргүзүлүп, 502 үй-бүлөнүн сыналгыга муктаж экендиги аныкталганы айтылат.
"Райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул көйгөй чечилип, жалпы 496 үй-бүлө сыналгылуу болду. Биринчи кезекте мектеп, бала бакчалардагы сыналгылар муктаж үй-бүлөлөргө пайдаланууга берилди. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча сыналгысын убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышты. Ошондой эле айрымдардын бузук сыналгысы оңдолуп берилди. Мындан сырткары Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү муктаж окуучуларга 15 мобилдик телефон белекке берди. “Сен жалгыз эмессиң” демилгеси аркылуу 9 мобилдик телефон жана 1 планшет элден чогултулуп, муктаж окуучуларга жеткирилип берүүгө даярдалууда. Учурда телефону жокторго жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.