14-майга карата Нарында 15 жаран коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын 8 бейтабы жаңы төрөгөн келиндер

14-майга карата Нарын шаарында коронавирус илдетин 15 жаран жуктуруп алганы аныкталды. Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды деп билдирет республикалык штабдан.

Маалыматка ылайык, оору аныкталгандардын ичинен бирөө медицина кызматкери, 8и жаңы төрөгөн аялдар, туугандары менен байланышта болгондор 6. Бардыгынын абалы канааттандырарлык.

"Облустук биргелешкен оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Оорукана толук дезинфекцияланып, кызматкерлер алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү. Аталган оорукананын төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан