Мыйзам чегинде жазаланат. Кара-Суу, Ноокат райондору, Ош шаары боюнча комендатурасынан эскертүү

Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендатурасы эскертет.

"Жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрдөн келген ар бир жаран сөзсүз түрдө жашаган жериңизге жакын болгон аймактык медициналык мекемеге COVID-19 илдетинин бар же жоктугун аныктоо үчүн тез арада кайрылуусу керек.

Кимде-ким санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно түрдө бузуп, чет жерден келгендигин же оорусун жашыра турган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында жооп берет. Мыйзамды билбеген же билип туруп оорунун таралышына жол койгон жаран мыйзам чегинде жазаланат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин апрель айында Ош шаарына Орусиядан 32 жаштагы жаран келген. Аталган жарандын атасы жана бир тууган агасы COVID-19 илдетин жуктургандыгы аныкталып, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал эми аны менен жакын байланышта болгон дагы 6 тууганы обсервацияга алынып, анализдеринин жыйынтыктары күтүлүүдө. Ал эми жогорудагы жаранга кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omar.
2020-04-21 18:51:46
Кыргызстанга каяктан келип атышат, чек-арадан өтөбү, чек-арачылар не кылып турушат анда?
0
Chungyz
2020-04-21 20:39:53
Мыйзамды билбей мыйзамсыз буйрук бергендер да жооп береби?
+1
ika8086
2020-04-21 22:09:04
бул мыйзамды олкого вирус кире электе киргизиш керек эле эмне учун аэропорттон текшерип ошол жактан эле дарылоого албайсынар козунорду чоооооон ачып текшерип анан уй карантинине албайсынарбы каякты карап атасынар туштон кийин жоопко тартылат дегени тушунуксуз,ошо жарандарды аэропорттон коё бергендерчи аларга кандай чара коросунор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан