Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн кризиске каршы программасында жөнөкөй жарандарды колдоо механизми жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Программага пенсионерлерди, жалгыз бой энелерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, кароосуз калган балдарды жана калктын аярлуу катмарын алгылыктуу колдоо чараларын киргизүү зарыл. 5 миң сомдон болбосо да, 2 миң сомдон 2 миллион Кыргыз жаранына акча таратсак жакшы болмок. Жалпы 75 миллион доллар кетмек. Бирок апрелде эле Эл аралык валюталык фонддон алынган 100 миллион доллар жумшалды", - дейт Бекешев.