Өлкөдө жалпы 35 миңден ашуун жарандан коронавируска тест алынып, толугу менен текшерилип бүттү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирус боюнча маалымат жыйын берип, анда ооруга кабылган 590 адамдын 25 пайызы медицина тармагынын кызматкерлери экенин айтты.

Мындан тышкары өлкө боюнча жалпы 35 миңден ашуун жарандан коронавируска алынган анализдер толук текшерилгенин кошумчалады.

"Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 35 миң 72 жарандан коронавируска анализ алынып, 100 пайызга текшерилип бүттү. Оорулуулар менен байланышта болду делинген биринчи жана экинчи категорияга кирген жарандар аныкталып, алар толугу менен көзөмөлгө алынды", - деди Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuri1988Elim2010
2020-04-21 20:29:43
Ушу менен бүтүп калса экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан