Кытайдын Ухан шаарында бет кап тагынып чуркаган жарандын абалы начарлап ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин кароосунан кийин тез аранын ичинде анын өпкөсүнө операция жасалган. Дарыгерлер бейтаптын абалынын начарлашына бет кап себеп болушу мүмкүн экенин айтышкан.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, бейтап коронавирусту жуктуруп албоо максатында бет кап тагынып чуркаган. Анын кесепетинен 26 жаштагы жарандын өпкөсү 90 пайызга кысылып, жүрөгү дененин оң тарабына жылып кеткен. Ага пневмоторакс диагнозу коюлган. Бул илдет аба өпкөнүн сыртына чыкканда пайда болот.
Бейтап 2 аптадан бери чуркап жүргөн. Абалы начарлаганда аны жакындары ооруканага алып келишкен деп айтылат маалыматта.