Бүгүн, 21-апрелде Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев облустагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берип жатышат.
Коменданттын маалыматына ылайык, облус аймагында 6 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузган.
"Өткөн суткада коменданттык саат убагында тартип бузган 6 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө", - деп билдирди Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда.