Сузакта жаратылышка эс алууга чыгуулардын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Сузак РИИБи тарабынан жаратылыш койнунда эс алууга чыккандарды болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Азыркы мезгилде жакынкы эс алуу жайларына, суу бойлоруна барууга болбой тургандыгы эскертилип жатат. Ата-энелерге мектеп окуучуларын тыкыр көзөмөлгө алып, онлайн сабактарды аткаруу менен үйдө отуруу зарыл экендиги жеткирилүүдө. Ошондой эле район аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу багытында дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөөгө үндөшүүдө. Мындан сырткары ар бир жаранды коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоого чакырууда", - деп жазылат маалыматта.