Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысы катталды

Бүгүн, 22-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берип жатат.

Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүү фактысы катталганын жыйын учурунда Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Коменданттын айтымында, бир күн ичинде облус аймагында 21 кылмыш болуп, алардын ичинде адам өлтүрүү фактысы катталган.

"Азыркы мезгилде ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат жана шектүү адамдар аныкталган", - деди ал.

"Өткөн суткада Жалал-Абад облусу боюнча 21 кылмыш иши катталды. Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузган 12 жаранга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ошол эле мезгилде жол коопсуздук кызматы тарабынан тиешелүү иш-чаралардын негизинде 144 автоунаа айып короосуна токтотулду. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди Жоробеков.

Ал эми комендатура SUPER.KG порталына каза болгон жаран тууралуу төмөнкүдөй маалымат билдирди.

"Кечээ, 21-апрелде Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда кебетеси азиялык болгон 40-45 жаш чамасындагы аялдын денеси табылган. Ал 1980-жылы туулган аял экендиги аныкталды. Анын денесинде жараттар болгон. Туруктуу жашаган жери жок, жер төлөдө жашап жүргөн. Учурда бул факты боюнча өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди мекеме өкүлү.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районуна да киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан