Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Грозный шаарындагы чач тарачтар жана сулуулук салондорун ачуу өтүнүчүнө жооп кылып, чачын кырдырды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
"Биздин бардык сулуулук салондорубуз, чач тарачтарыбыз жабылган, ошондуктан ата-бабаларыбыздай эле мен да чачымды кырдырып салууну чечтим", - деп билдирген Кадыров.
Маалыматка ылайык, ыкчам штабдын отурумунда аймактын жашоочулары Чеченстандын башчысынан учурдагы кырдаалга байланыштуу жабылган чач тарачтардын ишин жандандырууну өтүнүшкөн. Буга жооп катары Кадыров эркектерге чачын кырууну сунуштады.