Коронавирус аныкталган сузактыктар менен бирге учуп келген 135 жүргүнчүнүн бардыгы табылып, медициналык кароого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
"135 жүргүнчүлөр табылды жана баарынан анализдер алынды. Алар менен тыгыз байланышта болгон 300 жаран карантинге жаткырылды.
Мындан тышкары кичи ажылыктан 1000ден ашуун жүргүнчү келген. Алардын 70 пайызы үй карантининде. Учурда аларды издеп жатабыз. Бирок көпчүлүгү ордунда турбайт, туугандарына, досторуна барат. Жакында аларды таап, кароого алабыз деп айта алам", - дейт Исаков