Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-августта кол койду.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Тили жана маданияты тектеш мамлекеттер саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир уюмга биригишкен. Анын катчылыгы Стамбулда жайгашып,учурда кеңештин башкы катчысы Халил Акынжы.