Бүгүн, 23-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө дагы канча жаран коронавирус жуктуруп алганы, илдеттен канча киши арылганы тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат. Маалымат жыйын Өкмөт үйүндө онлайн өтүүдө.
"Бонецкий" лабораториясы жардам берүү ниети бар экенин билдиришкен. Аларда тиешелүү жабдыктардын баары бар, лаборатория жеке ишкерлер менен биргеликте бардык жабдыктарды өздөрү алышкан. Мамлекеттин эсебинен аларга эч кандай жабдыктар алынып берилген жок. Мындан улам менчик лаборатория менен иштешүүгө макулдук берилди. Бул тыкыр көзөмөлгө алына турган иш", - дейт Нурболот Үсөнбаев.
Министрдин орун басары: "Үй карантининдеги жарандарды мобилдик тиркемелер аркылуу көзөмөлдөп турууга болот. Тиркеме жарандын макулдугу менен гана уюлдук телефонуна жүктөлөт. Эч кимди мажбурлоо болбойт".
"Новосибирсктен келгендер обсервацияга алынган. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. 14 күндүк карантинден кийин дагы үй шартындагы карантинге жөнөтүлөт. Ал эми буга чейин Түркиядан келгендердин баарынан тест алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Арасынан вирус аныкталгандары да болгон. Илдетке кабылгандар дароо эле ооруканага жаткырылган. Ал эми калган жүргүнчүлөрдү дагы текшерип, тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери жок деп чыккан. Алар 14 күн бою карантинде болушат. Андан кийин мобилдик тиркеме аркылуу дагы көзөмөлгө алынат. Чет өлкөдөн келгендерди жалпысынан 28 күнгө карантинге алуу каралган".
Нурболот Үсөнбаев: "Айыккандардын саны өсүп жатат, бул сандар сүйүндүрбөй койбойт. Коронавирус аныкталгандар менен илдеттен айыккандардын саны боюнча айырмачылык бар. Мындан улам адис катары эпидемиянын туу чокусуна жетип калдык десем болот".
Бүгүнкү күнгө карата 45 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.
Коронавирус аныкталгандардын арасында 15 жашка чейинки балдардын саны 68ге жетти. Алардын ичинен төртөө 1 жашка чейинки ымыркайлар.
Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 40 миң 513;
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 39 миң 615;
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 миң 125.
Кечээ, 22-апрелде Новосибирсктен келген 176 жарандан бүгүндөн баштап коронавируска тест алына баштайт.
Стационарда – 321 бейтап жатат. Анын ичинен 11 бейтаптын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.
Сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар төмөнкү аймактардан:
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 3.
Жалпы саны 162ге жетти.
Тилекке каршы, кечээ, 22-апрелде Чүй облусунда 53 жаштагы аял каза болду.
Өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 8;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 4;
Ош облусу - 3.
Жалпы саны 631ге өстү.
Сутка ичинде 48 жаран коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Алар:
Бишкек шаары – 14;
Нарын облусу – 2;
Ош облусу – 7;
Ош шаары – 25.
Жалпы айыккандардын саны 302ге жетти.