Бүгүн, 13-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов онлайн маалымат жыйын берип, ал шаардагы жалпы абал, өзгөчө абал алынгандан кийинки шаардагы кыймыл тууралуу маалыматтарды айтты. Анын билдиришинче, шаарда өзгөчө абал күчүндө экенине карабай, калаада кыймыл көбөйгөн. Мындан улам мэр элди карантиндин нормаларын сактап, үйдө отуруусун өтүндү.
"Ош шаарында өзгөчө абал алынгандан кийин карантиндик күчөтүлгөн режимде ишти алып барып жатабыз. Бирок облустун район, айылдарынан келген жарандар шаарда көп болууда. Алар өздөрүн мурунку жашоодогудай сезип жатышат. Албетте, шаарда өзгөчө абал алынганы менен кырдаал алына элек.
Бул сөз экономикалык тармакта иштеп жаткан ишканаларга гана уруксат берилди деген сөз. Жөнөкөй элдер карантиндик режимде үйдө олтурушу керек. Шаардын кире беришинде мурункудай эле 8 блокпост иштеп жатат. Аны менен кошо кошумча 20 кыймылдуу посттор ишин улантууда. Биз шаардык жаранды каттоо же атайын иштегенин күбөлөндүрүүчү маалымкаттын негизинде гана шаарга киргизебиз. Ал эми сырттагы жөнөкөй жарандар үчүн шаарга кирүүгө уруксат берилген эмес. Ошондуктан, жарандарга сырттан келгенди токтотуп, карантин эрежелерин сактасаңыздар деп кайрылып кетким келет", - деди шаар мэри.