Орусиянын 81 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 774 адамдан коронавирус аныкталды. 42 жаран каза болсо, 471 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 959;
Москва облусунда - 688;
Санкт-Петербург шаарында - 191;
Мурманск облусунда - 97 адам жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 62 миң 773 адамдан коронавирус аныкталды. Илдеттен 555 жаран каза болсо, 4 миң 891 бейтап айыгып чыкты.