Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында стационарда жаткан жаран качканга аракет кылып, терезеден секирген. Натыйжада жаран каза болду деп жазышат казак басылмалары.
Маалыматка ылайык, 42 жаштагы жаран өзүнүн агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, экинчи кабаттагы бөлмөнүн терезесинен секирген. "Ал асфальтка кулап түшүп, эсине келбей каза болгон. Маркум буга чейин бир нече ирет соттолгону белгилүү болду. Андан коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирустун белгилери жок деп чыкты. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.