Бүгүн, 31-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 17 миллион 222 миң 8 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 78 миң 853 бейтап айыгып чыкса, 671 миң 42 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 487 миң 987 адамдан коронавирус аныкталды. 151 миң 834 адам каза болсо, 1 миллион 414 миң 155 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 610 миң 102 адамдан аныкталды. 91 миң 263 адам каза болсо, 1 миллион 956 миң 807 бейтап айыкты.
Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 582 миң 28 адам вируска кабылган. 34 миң 956 бейтап көз жумса, 1 миллион 19 миң 740 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.