Тажикстанда дене тарбия мугалими өпкө оорусунан каза болгондон кийин, ал иштеген мектеп жабылды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы мектептердин биринде дене тарбиядан берген мугалим каза болду. Мугалим өпкө оорусунан улам көз жумганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта маркум Хуршед Каримов эмгектенген мектеп, ал көз жумгандан кийин жабылганы айтылат.

"Аталган мектепте 400дөн ашуун окуучу билим алат. Азырынча сабактар кайра качан уланары белгисиз. Буга байланыштуу көпчүлүк окуучулар кооптонуу жана коркуу сезими бар экенин жашырышкан эмес. Анткени алар, албетте, коронавирус тууралуу кабардар. Бирок өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри ата-энелер менен окуучуларга алардын мектебинде коронавирус аныкталбаганын билдиришкен. Ага карабай айрым булактар маркум эки апта мурун пневмониянын белгилери менен ооруканага жаткарылганын белгилешкен", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Хуршед Каримовдун сөөгү жакындарына берилген эмес.

Тажикстандын бийлиги аталган өлкөдө коронавирус каттала электигин билдирип келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
medetbek
2020-04-23 23:02:04
Ошондо тажиктин бийлиги жашырып жатабы коронавирусту?
+9
KalenAlmaz
2020-04-23 23:25:12
Тажиктерди россияга точно киргизбейт еми
+3
Gulya78
2020-04-23 23:43:47
Ооруну жашырсаң өлүм ашкере
+8
Milduri
2020-04-24 01:05:27
Бул өлкө коронавирусту аныктоочу тесттерди сатып алганга акчасы жок окшойт, же атайын алгысы жокпу билбейсин.
0
KalenAlmaz
2020-04-24 01:13:37
Тажик элине еле боорум ооруйт да бир эки камаз таш тушуртуп берсем бейм ак уйунун алдына бийлигин алмаштырып алышсын.
+7
bond0202
2020-04-24 05:40:18
KalenAlmaz,неге боорунар ооруйт аларга.эшегине жараша тушоосу дейт.ойлоруна койуп эркиндик берсе тобоно чыгып кетет алар жер талашып.
+4
Aikaaaa
2020-04-24 09:02:14
Ушинтип атышып элин кырып алаар бекен...?
0
Mamajanovna77
2020-04-24 19:10:01
Өзүлөрү эле оорубай бизге да ташыйт да.эми карантинден чыгайын деп калганда тажик тараптан каптап келбесин.кудай сактааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан