Президент Жээнбеков: "Кайрадан карантин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес"

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга токтолуп, дагы да болсо чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

"Кайрадан карантин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес", - деп билдирди өз сөзүндө.

Ошол эле мезгилде президент өзгөчө кырдаал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин, эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштуу экенин да баса белгиледи.

“Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себептердин бири. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талаптарды сактабай жүрүүсү күчөдү”, - деди президент.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
JaneEr
2020-06-30 11:38:45
Бардыкты боктоштурган Адахан Мадумаров!Оору жок деп элди дурботуп алып,озу бекинип жатат элге корунбой.Ага ишенгендер да акмак.
+12
Krai
2020-07-01 09:05:58
JaneEr, эң туура айттың. Мадумаров бакылдап эле айтып аткан вирус жок. Бул саясий оюн деп элдерди туура эмес жака үндөп жатып аягында ушундай болуп олтурат. Өзү пысмыйып жүрөт. Эми мен ушу вирус жок деп чыккандар кыргыз элинин душмандары деп айтаар элем. Себеби ошолордун айынан канчалаган адамдар вирус жуктуруп, ал тургай каза болуп жатышат
+1
nazarnew
2020-06-30 11:46:41
Бар кетчи, э бар кетчи,уже вообще эч кимге жакпай калдың, бар чыкчы эшикке, жоголчу, соронавирус эл уже сени көргүсү жок.
-13
Baktyluumun98
2020-06-30 23:25:13
nazarnew,элдин атынан суйлобой, сен чыкчы эшикке. Озун жогол.
+2
Aika1988
2020-06-30 11:52:12
Негизи март айында эмес эми карантин кылыш керек эле .Анан чет жактан өтө көп келип жатышат ошон үчүн да вирус жайылууда.
+14
Nariste...12
2020-06-30 12:11:48
Азыркы мезгилде кайрадан карантин киргизуу негизи жакшы болчу бирок адамдар эми иштеп баштаганда ,кайрадан карантин болсо, анда абал жаман болмок.Митинг, талап- тоноо, уурулук куч алмак деп ойлойм.
+9
momun74
2020-06-30 12:17:06
Неги covid19 бар эке жолдошумда менда ооруп жатабыз женил туру мененго дейм анкени баш оору, соок,муундар какшап оорушу жана жотол,тамак кычышуу,кургоо болуп жатат
+5
momun74
2020-06-30 12:19:17
Бул вирус экенда дарыланып озунду жакшы карасан режимди так сактасан женил отот экен ооруп атам деп тамак ичпей же отпой жатат дегендерге кучойт экенда
+5
Muslim_KGstana.
2020-06-30 12:32:22
Коту тушуп жатат Сокенин
-6
Aimani
2020-06-30 13:26:13
Карантин киргизсе болмок. Элге компенсация төлөп берип туруп. Миллиондогон доллар жардам алып өздөрү болушуп албай. Жок дегенде кищи башына 100$ берсе үйдө отуруп турмакпыз
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан