Казакстанда жолбун иттер менен мышыктар көбөйдү. Буга тургундардын үй жаныбарлары коронавирусту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн деген шек саноосу себеп болгон. Мындай маалыматы казак басылмалары жазып чыгышты.
Ал эми жаныбарларды баккан жайлардын жетекчилери карантин учурунда ит, мышыктарды багуу кыйынчылык жаратып жатканын айтышат. "Жаныбарлардын тамак-ашы кыскартылып, күнүгө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, көп каражат сарпталып жатат. Жаныбарларга кам көрүү жакындарыңа кам көргөндөй болушу керек, ал үчүн жоопкерчиликти алыш керек", - деп эсептешет жаныбарларды кармоочу жайдын жетекчилери.
АКШда тескерисинче жаныбарларды багып алуучулар карантин учурунда көбөйүп, иттерди массалык түрдө алгандар болду. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус аныкталган жарандар иттерден же мышыктардан жуктуруп алган учур каттала элек.