Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен 12 жарандын абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат (видео, хронология)

Бүгүн, 24-апрель саат 10:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди.

2020-04-24 10:26:00

"Жакынкы күндөрү этап, этабы менен айрым ишканалар иштеп башташат. Ишин жанданта турган мекемелерге атайын санитардык талаптар иштелип чыгат. Алар тыкыр көзөмөлдүн астында гана иштейт".

2020-04-24 10:24:00

"Өзгөчө абалдын эрежелерин жеңилдетсек, эрежелерди бузгандар, шаан-шөкөткө жол бергендер болушу мүмкүн. Анда биздин буга чейинки кылган эмгегибиз текке кетет. Ошондуктан тургундарды бардык эрежелерди так аткарып, туура түшүнүүгө чакырабыз. Чет өлкөлүк тажрыйбалар көрсөтүп жатат, социалдык аралыкты кармоо, топтошуп жүрбөө, тартипти бекем сактоо жакшы жыйынтыктарды берүүдө".

2020-04-24 10:20:00

Бүгүнкү күнгө карата 53 медициналык кызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

2020-04-24 10:19:00

Нурболот Үсөнбаев: "Коронавирустун туу чокусунан өтүп жатабыз деген маалыматты берүүгө бир апталык статистика керек. Буга чейин эпидемиянын туу чокусу ушул күндөргө туш келиши мүмкүн деген божомолду айтканбыз. Сандар божомолдорго туура келип жатат. Мындан ары өсүү болбой, ылдыйлашы күтүлүүдө".

2020-04-24 10:16:00

"Бүгүнкү күнгө карата укук коргоо органдарындагы кызматкерлерден коронавирус аныкталган жаңы жагдайлар катталган жок. Буга чейин вирус аныкталган 12 кызматкер дарыланып жатат. Ал эми Кант шаарындагы прокуратуранын коронавирус жуктуруп алган кызматкеринин абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Ал жандандыруу бөлүмүндө жатат".

2020-04-24 10:13:00

Суроо: Акыркы күндөрү дары-дармекке болгон баа көтөрүлдү. Көзөмөлгө алынабы?

Жооп: "Муну министрликтин алдындагы дары-дармек департаменти карап, көзөмөлдөп турушат. Баалардын кымбаттап жатканы чек аралардын жабылганына байланыштуу болсо керек. Бааны негизсиз кымбаттатып жибергендерге тиешелүү чара колдонулат".

2020-04-24 10:10:00

Коронавирус аныкталгандардын арасында 15 жашка чейинки балдардын саны 75ке жетти. Анын ичинде төртөө 1 жашка чейинки наристелер.

2020-04-24 10:09:00

Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн жалпы саны – 44 миң 281
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 43 миң 784
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 3 миң 925

2020-04-24 10:07:00

Стационарларда 326 бейтап жатат. Анын ичинен 12 жарандын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-04-24 10:06:00

Бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алар:
Нарын облусунда – 6;
Ош облусунда – 2;
Ош шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 1.
Жалпы саны 172ге өстү.

2020-04-24 10:04:00

24-апрелге карата республика боюнча дагы 25 жарандан коронавирус аныкталды. Алар:
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 3;
Ош облусу - 3;
Нарын облусу – 9.

Жалпы 656га жетти.

2020-04-24 10:02:00

Сутка ичинде 20 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар:

Бишкек шаары – 4;
Жалал-Абад облусу – 8;
Ош шаары – 8;
Жалпы айыккандардын саны 322ге өстү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан